Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-октябры №10/67
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Мин-Булак айыл жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын калкынын саны 15642 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 деп бекитилсин.
3. Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктунжыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасыкалкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
5. Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 17-октябрдан 24-октябрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).
6. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябрь айы деп белгиленсин (4-тиркеме).
7. Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.
8. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Усупов |
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 1-тиркеме
Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу |
1 | Усупов Казыбек Сырымбетович | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Жолдошов Асылбек Бекбосунович | Айылдык кеӊештин катчысы | Катчы | Баардык |
3 | Дайыров Рахат | Айыл башчы | Мүчөсү | Баардык |
4 | Тойгонбаев Тилек Тойгонбаевич | А. Осмонов атындагы маданият үйүнүн директору | Мүчөсү | Баардык |
5 | Рысбек уулу Дамир | Айыл башчы | Мүчөсү | Баардык |
6 | Кемелова Гүлира | Мадания үйүнүн директору | Мүчөсү | Баардык |
7 | Борбодоев Алтынбек | Мадания үйүнүн директору | Мүчөсү | Баардык |
Катчы А. Жолдошов
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 2-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасы.
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны | Гендердик баланс 30% (аял) |
1 | Лахол | 1242 | 195,52 | 7 | 5 эркек 2 аял |
2 | Жер кочку | 836 | 195,52 | 4 | 3-эркек, 1-аял |
3 | Оттук | 1779 | 195,52 | 9 | 7 эркек 2 аял |
4 | Эчки башы | 1984 | 195,52 | 10 | 7-эркек, 3-аял |
5 | Эмгекчил | 3534 | 195,52 | 18 | 13 эркек 5 аял |
6 | Өрнөк | 650 | 195,52 | 3 | 2-эркек, 1-аял |
7 | Куйбышев | 4096 | 195,52 | 21 | 15-эркек, 6-аял |
8 | Миӊ-Булак | 1516 | 195,52 | 8 | 6-эркек, 2-аял |
жалпы | 15642 |
| 80 өкүлчүлүк | 58-эркек 22-аял | |
Катчы А. Жолдошов
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV кезекcиз сессиясынын 2025-жылдын 6-октябрь №10/67 токтомуна 3-тиркеме
2025-жылдын 17-октябрдан 24-октябрь айына чейин Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Өрнөк айылы | Ж.Өмүралиев мектеби | 17.10.2025-ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
2 | Миң-Булак айылы | Т.Байсалов мектеби | 17.10.2025-ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
3 | Куйбышев айылы | Куйбышев айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында. | 17.10.2025-ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
4 | Оттук | Оттук айылындагы Жээнбай Мамбеталиев атындагы клубунда | 20.10.2025-ж саат 10-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
5 | Эчки-Башы айылы | Он-Арча айылындагы Тынымсейитова Жумакан атындагы клубда | 20.10.2025-ж саат 12-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
6 | Эмгекчил | Эмгекчил айылдык клубунда | 20.10.2025-ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
7 | Лахол айылы | Лахол айылындагы Абакиров Сабыр атындагы клубунда | 21.10.2025-ж саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
8 | Жер-Көчкү | Жер-Көчкү айылдык клубунда | 21.10.2025-ж саат 14-00 | Айылдык Кеңеш, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |