Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-ноябры №13/75
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттардын төрагасын шайлоо жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №9-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2025-жылдын №9-протоколу бекитилсин.
2. Миӊ-Булак айылдык кеңештин төрагасы болуп Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович шайлангандыгы таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |