Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 19-августу №8/51
Миӊ-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагында турган эскилиги жеткен айыл чарба техникаларын жокко чыгаруу жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 18.08.2025-жылдагы №02-2-4/319 каты боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн юрист Т. Жумаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Миӊ-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл чарба техникалары жокко (списание) чыгаруу боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIХ чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл төмөнкү техникаларды жокко (списания) чыгарылсын.
№ | Аталышы | Жылы, номери | Абалы |
1 | E-302 | 1990-ж 05KG582СА | Бузук |
2 | ЮМЗ 2621 | 1999-ж 05KG545СА | Бузук |
3 | ДТ 75 | 1991-ж 05KG546СА | Бузук |
4 | МТЗ 80 | 1980-ж 05KG578СА | Бузук |
5 | НИВА СК5 |
| Бузук |
6 | Прец СLASS |
| Бузук |
2. Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага | К. Усупов |