Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 765 токтомуна)
Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо тартибин аныктайт.
2-глава. Аттестацияланган авариялык-куткаруу кызматтарын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүн каттоо
2. Бардык авариялык-куткаруу кызматтары жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрү (мындан ары - АКК жана АКТ) алгачкы аттестациядан өткөндөн кийин жана авариялык-куткаруу иштеринин белгилүү бир түрүн же түрлөрүн жүргүзүү укугуна күбөлүк берүүдөн кийин милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
3. АКК жана АКТты каттоо авариялык-куткаруу кызматтарынын жана авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн реестрине киргизүү үчүн расмий таануу болуп саналат жана аттестацияны ийгиликтүү тапшыргандан кийин жүзөгө ашырылат.
4. АКК жана АКТты каттоону Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча башкармалыктары (мындан ары - КР ӨКМУ) жүргүзөт.
5. АКК жана АКТты каттоо төмөнкүдөй административдик жол-жоболорду камтыйт:
1) АКК жана АКТты каттоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды кабыл алуу жана каттоо;
2) АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арызды кароо;
3) АКК жана АКТты каттоо;
4) арыз ээсине АКК жана АКТты каттоо жөнүндө маалымат менен кабарлоону же АКК жана АКТты каттоодон баш тартуу жөнүндө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү.
6. Арыз ээси болуп АКК жана АКТты уюштурган жеке же юридикалык жак же каттоо жөнүндө суроо-талап менен каттоочу органга кайрылган алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү саналат.
7. АКК жана АКТ жөнүндө маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу жана сактоо максатында КР ӨКМБнын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык электрондук жана кагаз түрүндө өзүнчө каттоону (мындан ары - каттоочу) жүргүзүшөт.
8. Регистрлер журнал түрүндө жүргүзүлөт. Регистрлердин бир бетине бир гана АКК же АКТ тууралуу маалымат жазылат. Бир бетке эки же андан көп АКК же АКТ жөнүндө маалыматтарды киргизүү жол берилбейт.
9. Регистрлердин беттери үзгүлтүксүз номерленет.
10. Регистрлер мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө жол берилет.
11. АКК жана АКТты каттоо үчүн зарыл болгон арыз ээси тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси:
1) ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арыз;
2) белгиленген тартипте берилген авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна күбөлүктүн уюмдун жетекчисинин колу жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (мөөрү бар болсо);
3) АКК жана АКТтын аталышы, АКК жана АКТтын жоопкерчилик зонасы, АКК жана АКТтын жайгашкан жери (дареги), өздүк курамдын, анын ичинде АКК жана АКТдагы аттестацияланган куткаруучулардын саны, күбөлүккө ылайык авариялык-куткаруу иштерин жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча АКК жана АКТтын мүмкүнчүлүктөрү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө даярдыгы, АКК жана АКТтын жабдылышы, анын ичинде атайын үн жана жарык сигналдары менен жабдылган транспорт каражаттарынын саны жана түрлөрү жөнүндө маалымат.
12. Каттоо жүргүзүү үчүн документтер аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берилген авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү укугуна күбөлүктө көрсөтүлгөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен каттоочу органга жиберилет.
13. Арыз ээси документтердин пакетин толук эмес берген же берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, документтерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу органдын кызматкери арыз ээсине документтерде аныкталган кемчиликтердин болушун түшүндүрөт, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү жана АКК жана АКТты каттоону жүргүзүү үчүн кайрадан кайрылууну сунуш кылат.
14. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин документтерди кабыл алууну ишке ашыруучу каттоочу органдын кызматкери арыз ээсине документтерди кабыл алгандыгы тууралуу тил кат берет.
15. АКК жана АКТты каттоо мөөнөтү. АКК жана АКТты каттоо жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндү түзөт.
16. АКК жана АКТты каттоонун жыйынтыктарын берүү кагаз жана электрондук форматта каралат.
17. Авариялык-куткаруу иштеринин белгилүү бир түрүн же түрлөрүн жүргүзүү укугуна күбөлүк берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде АКК жана АКТтын жетекчиси КР ӨКМБга каттоого арыз берет.
АКК жана АКТты каттоонун жыйынтыгы болуп саналган документтерди берүү мөөнөтү арыз ээсине берүү (берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн ашпайт.