Редакцияот 24.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-сессиясы

 

2024-жылдын 24-декабры №3-2 Муркут айылы

“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин 2025-жылга карата жылдык иш планы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:

1.“Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин 2025-жылга карата жылдык иш планы бекитилсин. (тиркелет).

2. “Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин алдындагы туруктуу комиссиялары 2025-жылга карата кабыл алынган иш планга негиз, өздөрүнүн иш пландарын иштеп чыгышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы орун басарлар Б. Нурдиновко жана Н. Бакировага тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Каразаков