Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 11

 

 

Кара-Ой   айылынын тургундарынын жана Атагулов Аманбектин  жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин   кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айылынын тургундарынын жана Атагулов Аманбектин    жазган  кайрылуусу канааттандырылсын.

 2.Кара-Ой айылынын күңгөйүндөгү Кара-Булуң кыштоосунан өтүүчү көпүрөнүн атын “Атагул уулу Ысмайыл” көпүрөсү деп ат коюлсун.  

 3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага  

 

      С.Осмонов