БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 31-мартындагы № 15
Бекмолдо айыл аймагына видео көзөмөл камераларын коюу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас райондук Ички Иштер бөлүмүнүн 2023-жылдын 14.03.2023-жылдын № 23-4/1262 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Бекмолдо айыл аймагынына видео көзөмөл коюу үчүн төмөндөгү даректеринен жер аянттары убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
- Кеӊеш айылынын Шейшен көчөсүнүн №71 дарегиндеги мечиттин жанынан 16м.кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Кеӊеш айылынын Ч.Айтматов атындагы трасса жолунун жана Арал айылына кеткен жолунун кесилишиндеги №186 чөйрө сызыгынан 16м.кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Талас областык ички иштер башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 36-10 / 9861 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
- Талас облусунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу, болтурбоо жана аны менен күрөшүүдө заманбап технологиялардын жардамын колдонуп тийиштүү ыкчам иш-чараларды аткаруу үчүн Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылына кылмыштуулукту, коомдук коопсуздукту түз байланышта көзөмөлдөөчү видеокамераларды коюу үчүн төмөндөгү даректеринен жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
- Кара-Ой айылынын Дубаш уулу Ибраим көчөсүнүн №32 дарегиндеги ФАП
мекемесинин арт жагынан 16м.кв жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Видео көзөмөл камераларын коюу максатында керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу жана орнотуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Осмонов |