Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 21

Сасык-Булак  айылынын  жаңы конуштун  тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин   кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сасык-Булак айылынын жаңы конуштун тургундарынын  жазган  кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагына караштуу Сасык-Булак айылынын жаңы конуштарынын жолдору начарлап, арыктары жок, техника өтүүгө шарттар жок болуп жаткандыгына байланыштуу, негизги жолдорун көтөрүп,проект боюнча кеткен жол кесиндилери (переулоктору) чыгарып берилсин.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага  

 

      С.Осмонов