Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 23

 

Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин   кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын жазган  кайрылуусу канааттандырылсын. 

2.Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын Атагул уулу Ибраим көчөсүнүн тушунан Чоң-Чычкан дарыясына техника өтүүгө көпүрө салынсын жана керектүү  иш кагазадары бүткөрүлсүн.  

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага  

 

      С.Осмонов