Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 36

Кара-Ой айылынын тургундарынын жазган кайрылуусу жөнүндө

 

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин   кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын тургундарынын  жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. 2000-жылы Баткен коогалаңында баатырдык менен курман болгон Молдосанов Жакып Абдуллаевдин жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында,  Кара-Ой айылында жаңы салынып жаткан спорт комплексине “Молдосанов Жакып Абдуллаевич” аты коюлсун.

3.Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага  

 

      С.Осмонов