Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бекмолдо айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 31-мартындагы  № 42

Бекмолдо айыл аймагындагы калктуу конуштарда болуп өткөн элдик жыйындардын чечими  жөнүндө

 

Бекмолдо айыл аймагындагы калктуу конуштарда болуп өткөн элдик жыйындардын чечимин  карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин   кезексиз  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекмолдо айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык ишканасынын жазгы айдап себүү жана күзгү оруп жыйноо жумуштарынын кызмат акысынын баалары төмөнкүдөй бекитилсин.

 

- Жер айдоо -1600 сом, 25л күйүүчү май;

-Жер айдоо (дың жер) – 1600 сом, 30л күйүүчү май;

- Малалоо -500 сом, 10л күйүүчү май;

- Тегиздөө - 600 сом, 10л күйүүчү май;

- Дискалоо (топурак майдалоо) -2000сом, 10л күйүүчү май;

- Себүү (буудай, чөп) – 900сом, 10л күйүүчү май;

- Чөп чабуу – 1000сом, 10л күйүүчү май;

- Арык тартуу- 200сом, 5л күйүүчү май;

- Культивация жасоо – 1000сом, 10л күйүүчү май;

- Картошка казуу- 5000сом күйүүчү май ичинде,

- Эгин чабуу – 1500сом, 25л күйүүчү май;

 

2.Атайын техникалардын кызмат акысы

1. Жүктөгүч (погрузчик) – Бекмолдо айыл аймагынын тургундарына 1м/час -1000сом ,    

    30л күйүүчү май;

   - Жүктөгүч (погрузчик) – Бекмолдо айыл аймагынан тышкары  1м/час -3000сом ,    

    30л күйүүчү май;

2.Грейдер Бекмолдо айыл аймагынын тургундарына 1м./час – 1000сом, 30л күйүүчү

   май.

   -Грейдер   Бекмолдо айыл аймагынан тышкары  1м/час -3000сом ,  30л күйүүчү май;

3.Бекмолдо  айыл аймагынын “Калыстык М.Т.С” муниципалдык  ишканасынын

 КАМАЗ автомашинасы менен элге кызмат көрсөтүү акысынын баалары төмөнкүдөй  бекитилсин.

-  айыл ичине                                                       - 500сом , 10л күйүүчү май;

- сырт жактарга Балачычкан, Чыбыр, шумкар - 2000сом , 10л күйүүчү май;

- Көк-Кашатка чейин                                           - 2000сом , 10л күйүүчү май;

- Талас ичи                                                         - 2000сом , 25л күйүүчү май;

- Көк-Токой, Жон –Арык                                  - 2000сом , 20л күйүүчү май;

- Манас айылы                                                  - 1500 сом, 15л күйүүчү май;

3.Бекмолдо айыл аймагында малчылардын  мал багууда жайыт   акыларынын баасы  жана  малдардын жазгы жана күзгү  жайлоого чыгуусу жана  көчүп келүү  убактысы  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

                                                   1.Малдын жайыт  акысы төмөнкүдөй бекитилсин:

- 1баш кой акысы – 70 сом,

- 1 баш бодо мал акысы -500сом,

- 1 баш жылкы мал акысы -500сом

2.Малчылардын көчүп кетүү, көчүп келүү  убактысы төмөнкүдөй бекитилсин;

- жайыттарга  көчүп кетүү  убактысы -25-майга чейин кечиктирилбестен ;

- жайыттардан   көчүп келүү  убактысы -1-октябрынан эрте болбосун ;

-Баш ийбеген (өкмөткө, жайыт комитетине) фермерлерге көчүп конууга берилген акчасын кыскартуу жана жайыт билетин бербөө чаралары колдонсун.

3.Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ч.Нусубалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага  

 

      С.Осмонов