Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 17-декабры № 18

Бюджеттик акча каражаттарды жылдыруу жөнүндө

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун бюджеттик акча каражаттарды жылдыруу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Александровка айылдык кеңеши менен 2024-жылга бюджетти бекитүүдө «мектепке чейинки билим берүү» 70911 бөлүгү боюнча акча каражат каралбагандыгына байланыштуу бюджеттик каражаттар боюнча көмүргө төлөө үчүн чыгаша бөлүгүндө каражаттар төмөндөгүдөй жылдырылсын:

 

2222 статьясынан 22221200 элементинен -14700

2224 статьясына 22241100 элементине +14700

БАРДЫГЫ                                                          14700 миң сом

 

2.  70111 «Аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдары» бөлүмү бюджеттик каражаттар боюнча күнүмдүк чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу үчүн акча каражаттар жылдырылсын:

2215 статьясынан 22154900 элементинен -129500

2222 статьясына 22221200 элементине +129500

БАРДЫГЫ                                                          129500 миң сом

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.