Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №24-1  Муркут айылы

Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жана айыл өкмөтүнүн 2025-2026–жылдарга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык.токтом кылат:                 1.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары 38 644 4 (отуз сегиз миллион алты жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин. 2.2024-жылга Төөлөс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц фондго чегерүү, тамак –аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин. 3.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолунун негизги көрсөткүчтөрү №2; №3 тиркемелерине ылайык колдоого алынсын.

•Кирешенин болжолу 2025-жылга 41550,4 (кырк бир миллион беш жүз элүү миң төрт жүз) сомго республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 10902,9 (он миллион тогуз жүз эки миң) сом менен жана 2026- жылга 44115,4 (кырк төрт миллион жүз он беш миң төрт жүз) сомго Републикалык бюджеттен алынуучу гранттар 10 902,9 (он миллион тогуз жүз эки миң тогуз жүз) сом менен белгиленсин. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.

 

4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.

5.Айылдык, бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети, 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражат 100 пайыз алынып коюлары эскертилсин. 6.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу: Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө, киреше бөлүгүнүн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого. 7.2024-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүүайылдык кеңешке ыйгарылсын.

8.Жергиликтүү бюджеттик мекеме –ишканалардын финансалык, экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына, көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешине өз убагында маалымат берүү жагы милдетендирилсин. 9.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев