ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы
2024-жылдын 11-январы №24-2 Муркут айылы
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын бюджет Кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык токтом кылат:
1.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Тешебаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2.Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин айыл чарба жана коммуналдык чарбаларга акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттен каралган мекеме ишканалардын финансы каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
З.Жороев |