Редакцияот 11.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 24-сессиясы

 

2024-жылдын 11-январы №24-4  Муркут айылы

Төөлөс айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын айылдык кеңештин кабыл алган чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө

Төөлөс айылдык кеңешинин кабыл алынган чечимдерин аткарылышын камсыз кылууну жетекчилике алуу, Төөлөс айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25- майында кабыл алынган айылдык кеңештин регламентинин 2-бөлүмүнүн 13-пунктуна жана 7-бөлүмүнүн 10-пунктуна негиз токтом кылат:

1.Төөлөс айылдык кеңешинин кабыл алынган чечимдерин аткарылышын камсыз кылуу боюнча айыл кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрайымдары Н. Бакирова, Ж. Кабылова, З. Төлөнов, төрагалары К. Досматов, А.Мамасалиевдердин билдирүүсү депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштардын негизинде эске алынсын.

2.Төөлөс айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган айыл аймагынын калктуу конуштарына айыл макамын берүү жөнүндөгү жана Төөлөс айыл өкмөтүнүн эсебиндеги муниципалдык менчикти пайдалануу жөнүндөгү кабыл алынган чечимдеринин аткаруу убагы кечиктирилгендиги белгиленип, Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана Төөлөс айыл өкмөтүнүн жер адиси М, Бакировго, Төөлөс айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага кабыл алынган чечимдерди өз убагында аткарууну камсыз кылуу жагы эскертилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, этика, укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев