Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 419 тескемесине)
Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, каттоо, мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, атайын статусу бар мамлекеттик органдарга, сот органдарына, министрликтерге жана ведомстволорго, мамлекеттик комитетке, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жайылтылат.
3. Ушул Жобонун максаты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу болуп саналат.
4. Ушул Жобонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо механизмин түзүү;
2) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү процессин тартипке келтирүү жана системалаштыруу;
3) эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу.
5. Ушул Жобо бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган координациялоону жүргүзгөн мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун даярдоого түздөн-түз багытталган эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлоруна, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн Кыргыз Республикасына келип түшүүчү шашылыш, гуманитардык, аскердик жана азык-түлүк жардамына, улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жардамга жана өзгөчө жардамга жайылтылбайт.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) долбоордун кайталанышы - эл аралык донорлор тарабынан каржыланган эки же андан көп долбоордун бир эле чөйрөдө жана региондо окшош максаттары, милдеттери, ишке ашыруу методдору жана максаттуу топтору бар кырдаал, бул ресурстарды ашыкча пайдаланууга, жардамды натыйжасыз бөлүштүрүүгө жана функциялардын мүмкүн болуучу кесилишине алып келет;
2) аткаруу агенттиктери - эл аралык гранттык жана техникалык жардам алуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, атайын статусу бар мамлекеттик органдар, сот органдары, министрликтер жана ведомстволор, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары;
3) Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссия - Кыргыз Республикасына акысыз негизде берилүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү координациялык орган (мындан ары - Комиссия);
4) өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш - чет мамлекет (анын административдик-аймактык бирдиги) же эл аралык финансылык уюм, анын өкүлчүлүгү же болбосо ушул мамлекет жана уюм тарабынан ыйгарым укук берилген, эл аралык гранттык жана техникалык жардамды берүүчү эл аралык укуктун субъекти;
5) эл аралык гранттык жана техникалык жардам - изилдөөлөрдү жүргүзүү, адистерди жиберүү, тажрыйба жана технологияларды өткөрүп берүү, жабдууларды жана башка товарларды (мүлктү) берүү аркылуу, ошондой эле семинарларды, конференцияларды уюштуруу жана/же өткөрүү, куруу, реконструкциялоо, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан консультациялык кызмат көрсөтүүлөр формасында социалдык жана экономикалык кайра түзүүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасына акысыз берилүүчү жардамдын түрү;
6) эл аралык региондук долбоор - жалпы социалдык-экономикалык, экологиялык, маданий милдеттерди чечүүгө багытталган, белгилүү бир региондун бир нече өлкөсүндө ишке ашырылуучу эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорунун түрү;
7) мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук - эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн мезгил-мезгили менен көзөмөлдөө, долбоордун максаттарына жетүү үчүн долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү, аткаруу агенттиги тарабынан эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун учурдагы статусу жана аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту белгиленген мезгилде үзгүлтүксүз негизде даярдоо;
8) долбоордун паспорту - ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоору жөнүндө негизги маалыматты камтыган аткаруу агенттиги тарабынан демилгеленген документ;
9) долбоордун презентациясы - аткаруу агенттиги тарабынан даярдалган, долбоордун максаттарынын жана милдеттеринин сыпаттамасын, күтүлүүчү натыйжалардын актуалдуулугун, ишке ашыруу механизмин, талап кылынган каржылоонун көлөмүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерине жана тиешелүү чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкештигин камтыган документ;
10) долбоордук жабдуулар - консультанттар, подрядчылар же башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорун ишке ашыруу жана анын максаттарына жетүү үчүн пайдаланылуучу техника, жабдуу же башка товарлар;
11) эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун реестри - ар түрдүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардан, өнүктүрүү боюнча көп тараптуу жана эки тараптуу өнөктөштөрдөн алынган гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлору жөнүндө маалымат топтолгон маалыматтар базасы;
12) Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын катчылыгы - бирдиктүү мамлекеттик экономикалык жана региондук саясатты, эл аралык гранттык жана техникалык жардамды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүргүзүүчү экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы).