Загрузка документа…
3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы N 419 тескемесине)
Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссиянын иш регламенти
1-глава. Жалпы жоболор
1. Эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасына акысыз негизде берилүүчү эл аралык гранттык жана техникалык жардамды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү координациялык орган болуп саналат.
2. Комиссия алардын Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына шайкештигин камсыз кылуу максатында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун (мындан ары - долбоорлор) карайт, тандайт жана жактырат.
3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобону (мындан ары - Гранттык жана техникалык жардам жөнүндө жобо), ошондой эле ушул регламентти жетекчиликке алат.
2-глава. Комиссиянын милдеттери
4. Комиссия өз ишин мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун тандоо жана жактыруу, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын кайталануусун жана натыйжасыз пайдаланылышын алдын алуу, ошондой эле донорлор менен өз ара аракеттенүүдө бирдиктүү позицияны түзүү максатында жүргүзөт.
5. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) долбоорлордун максатка ылайыктуулугун, өнүгүү стратегияларына жана программаларына шайкештигин баалоо аркылуу аларды тартуунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) мамлекеттин артыкчылыктарына шайкеш келбеген талаптагыдай эмес же кайталанган жардамды алуунун алдын алуу;
3) гранттык жардамды берүү жана ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны камсыз кылуу.
3-глава. Комиссиянын функциялары
6. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) пландалган долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, атайын статусу бар мамлекеттик органдардын, сот органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик комитеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (мындан ары - мамлекеттик органдар) сунуштарын карайт;
2) сунуштардын төмөнкүлөргө шайкештигин баалайт:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына;
- тармактык жана региондук программалардын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө;
- туруктуу өнүктүрүү максаттарына;
3) долбоорлорду жактыруу, четке кагуу же толуктап иштеп чыгуу боюнча чечимдерди түзөт.
4-глава. Комиссиянын укуктары
7. Комиссия өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан анын иши үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суроого;
2) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле коомдук башталыштагы көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
3) зарыл болгон учурда Комиссиянын курамына кирбеген кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле тажрыйбаны жана зарыл болгон маалыматты алмашуу максатында атайын ведомстволор аралык семинарларды жана кеңешмелерди уюштурууга;
4) эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, ушул регламентте каралган башка укуктарды жүргүзүүгө.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссиянын жыйналыштары алты айда бир жолудан кем эмес күндүзгү формада, ошондой эле зарылдыгына жараша сырттан (жазуу жүзүндөгү добуш берүү аркылуу) өткөрүлөт.
9. Сырттан добуш берүү өлкөнүн жетекчилигинин сапарларына (атап айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын сапарларына) даярдык көрүүгө байланышкан өзгөчө учурларда, ошондой эле өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөш долбоорду сырттан кароо жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылган учурда жүргүзүлөт.
10. Сырттан өткөрүлгөн жыйналышта Комиссиянын чечими бюллетендин формасында (ушул регламентке тиркемеге ылайык) Комиссиянын мүчөлөрүн жазуу жүзүндө сурамжылоо аркылуу кабыл алынат.
11. Жыйналышты Комиссиянын төрагасы, ал жок болгон учурда - Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
12. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда жыйналыш мыйзамдуу деп эсептелет.
13. Чечимдер катышкандардын көпчүлүк добушу менен (жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес) ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу аныктоочу болуп саналат.
14. Комиссиянын айрым мүчөлөрү кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда чечимге "өзгөчө пикир" деген белги менен кол коюлат. Өзгөчө пикир Комиссиянын мүчөсү тарабынан анын негиздемесин көрсөтүү менен өзүнчө документ түрүндө таризделет.
15. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коёт жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберилет.
16. Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
17. Комиссиянын чечими төмөнкүлөрдүн негизинде кабыл алынат:
1) долбоордун презентациялары (долбоордун актуалдуулугун, анын өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына шайкештигин жана билдирилген максаттарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү менен);
2) долбоордун паспорту (Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме);
3) бул чөйрөдөгү мурда ишке ашырылган долбоорлор боюнча маалымат (долбоордун аталышы, максаттары жана милдеттери, ишке ашыруунун сыпаттамасы, алынган натыйжалар, аткаруу мөөнөттөрү, бюджет, тартылган ресурстар жана тажрыйбадан алынган негизги сабактар);
4) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясы.
18. Долбоорду жактыруу жөнүндө маселени кароодо долбоордун демилгечиси баяндамачы болуп саналат.
19. Комиссия долбоорду кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдерди чыгарышы мүмкүн:
1) долбоорду жактыруу;
2) долбоорду толуктап иштеп чыгууга кайтаруу;
3) долбоорду четке кагуу.
20. Долбоор Комиссия тарабынан толуктап иштеп чыгууга кайтарылган учурда демилгечи 60 (алтымыш) календардык күндүн ичинде Комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жоюуга, сунуштарды эске алууга жана долбоорду эки жолудан ашык эмес кайра кароого киргизүүгө укуктуу.
21. Долбоор четке кагылган учурда кайра каралбайт.
22. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылууну экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.