Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы

 

2024-жылдын 5-марты №25-2  Муркут айылы

Төөлөс айыл өкмөтүнүн Герейт Шорон айылынын Адыр бөлүмүндөгү ат майданына маркум А. Жолдошовдун ысмын коюу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайылма, Додоң, Айтамга, Толман, Кара кечит, Меркит, Муркут, Кеңеш, Герейт Шорон, айылдарынын “Көк бөрүчүлөрүнүн” арыздарын канааттандыруу максатында жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Көк бөрү” федерациясын түптөөгө кошкон салымын эске алып токтом кылат:

1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы көк бөрүчүлөрдүн арызы канааттандырылып айыл өкмөтүнүн Герейт Шорон айылынын Адыр бөлүмүндөгү ат майданына маркум А. Жолдошовдун ысмы коюлсун.

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тийиштүү документтерин мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировко жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Бакировага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “ Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

З.Жороев