Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2024-жылдын 17-декабры № 19

Миң-Булак айыл аймагы боюнча үй канаттууларын жана

жаныбарларды катоону жүргүзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» №52 Токтомуна ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы 364 413 (үч жүз алтымыш төрт миң төрт жүз он үч) сом бөлсүн.

Анын ичинде:

2111 статьясынан - 310 800 (үч жүз он миң сегиз жүз) сом

2121 статьясынан - 53 613 (элү үч миң алты жүз он үч) сом.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.