ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Төөлөс айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы
2024-жылдын 5-марты №25-7 Муркут айылы
Төөлөс айыл аймагындагы Жаңы Бутак каналынын башкы суу алуучу курулмасын жана 7,8 км узундуктагы каналды Ноокат райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34- беренесине негиз айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1.Төөлөс айыл аймагындагы Жаңы Бутак каналынан сугат суусу менен камсыз болгон дыйкандардын арыздары канааттандырылып 2024-жылдын 13-февралындагы чогулуштун чечими аткарууга алынсын.
2.Төөлөс айыл аймагындагы Жаңы Бутак каналынын башкы суу алуучу курулмасын жана 7,8 км узундуктагы каналын менчикке алып, Ноокат суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “ Айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр- жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага |
З.Жороев |