Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы
2025-жылдын 17-ноябры № 13/2
Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылына караштуу Н.Жыргалбекова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жалпы жер аянты кызыл сызыкка киргендигине байланыштуу кайрадан кароо жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл аймагынын Коңорчок айылына караштуу Н.Жыргалбекова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жалпы жер аянты кызыл сызыкка киргендигине байланыштуу кайрадан такталсын.
2. Укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Ак-Талаа филиалынан, Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын башчысы А. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |