Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы
2025-жылдын 17-ноябры № 13/3
Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылындагы муниципалдык жерден 15 сотых жер аянтын айылдын тургундары үчүн эс алуучу аянтчасын курууга жана уюштурууга бѳлүп берүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айылындагы айылдык ФАП имаратынын (4-01-02-1001-0113) күн чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден 15 сотых жер аянтын айылдын тургундары үчүн эс алуу аянтча (Смарт парк) курууга жана уюштурууга бѳлүнүп берилсин.
2. Укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Ак-Талаа филиалынан, Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын башчысы А. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |