Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы
2025-жылдын 17-ноябры № 13/5
Эл депутаттарынын Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Президиумунун 25-декабрь 1991-жылдагы №39 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин Президиумунун 25-декабрь 1991-жылдагы №39 токтомуна жана Ак-Талаа райондук мамлекеттик архивинин 20.09.2024-жылдагы №01-76/792/3-сандуу кѳчүрмѳсүндѳгү 1992-жыл 4-январындагы “1-Май”колхозунун колхозчуларынын жалпы чогулушунун №6 токтомунда №17 катар номериндеги атынын аталышы боюнча:
2. 1986-жылы туулган Барктабасова Гүлай Жолдошовна - Барктабасова Гулбайра деп туура эмес кѳрсѳтүлгѳн, аты, атасынын аты, деген сѳзгѳ толуктоо киргизүү ирээтинде. Фамилиясы:боюнча Барктабасова Гүлай Жолдошовна деген сѳздѳр менен атынын, атасынын аты аталышына ѳзгѳртүү киргизилип толукталсын.
3. Токтомду аткаруу жана ѳзгѳртүү киргизүү жагы Ала-Буга айылдык кеңешинин катчысы Р.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |