Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы
2025-жылдын 17-ноябры № 13/6
Ала-Буга айыл аймагынын Ала-Буга муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштерин күчѳтүү жѳнүндѳ.
Ала-Буга айыл аймагынын аймагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык менчиктин натыйжалуулугун камсыз кылуу жана Ала-Буга муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери күчѳтүлсүн.
2. Аймактагы коммуналдык кызматтарды жүргүзүү иштери колго алынсын.
3. Муниципалдык ишкананын карамагындагы жаңы техникаларга GPS байкоо системасы коюлсун.
4. Тѳлѳмдѳрдү (жайыт акы,таза суу,таштанды) чогултуу иштери күчѳтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл ѳкмѳт башчысы А.Сулаймановго жана муниципалдык ишкананын жетекчиси А.Курманалиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |