Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 314 Жарлыгына)
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Калктын саламаттыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын эң жогорку артыкчылыгы жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Жарандардын саламаттыгын камсыз кылуу мамлекеттин гуманитардык жана социалдык милдети эле эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык ресурсу катары да каралат.
Саламаттык сактоо системасын трансформациялоо, жүрөк-кан тамыр ооруларынын (мындан ары - ЖКО) жана башка жугуштуу эмес оорулардын (мындан ары - ЖЭО) жүгүнүн өсүшү, калктын улгайышы, сапаттуу медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүндө теңсиздиктин күчөшү, ошондой эле калктын жашоо образынын өзгөрүшүнүн шартында бейтаптарды алдын алууга, эрте диагностикалоого, натыйжалуу дарылоого жана реабилитациялоого багытталган заманбап, интеграцияланган, туруктуу жана бейтапка багытталган чечимдерди өнүктүрүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын "Саламат жүрөк" улуттук программасы (мындан ары - Программа) төмөнкүлөргө багытталган көп компоненттүү комплекстүү программа катары иштелип чыккан:
- ЖКОнун жана ЖЭОнун жүгүн азайтуу;
- медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана бейтапка багытталгандыгын жогорулатуу;
- саламаттык сактоо системасынын алдын алуу багытын күчөтүү;
- коомдук саламаттык жаатындагы санариптик чечимдерди илгерилетүү;
- тармактын кадрдык, инфраструктуралык жана илимий потенциалын чыңдоо.
Программа саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрү менен жалпы камтуу (Universal Health Coverage), бирдей мүмкүнчүлүк, санариптик инклюзивдүүлүк, илимий негиздүүлүк, клиникалык натыйжалуулук жана системалуу туруктуулук принциптерине таянат.
Кыргыз Республикасында ЖКО калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - УСК) маалыматтары боюнча 2023-жылы өлүмдүн түзүмүндө ЖКОго өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү (52,3%) туура келген (1-сүрөт).
1-сүрөт. Кыргыз Республикасында өлүмдүн себептеринин түзүмү (%) (УСК, 2023)
Республика боюнча жыл сайын ЖКОдон орточо 20000ден ашуун адам, ал эми күн сайын - 60ка жакын адам каза болууда. Ошол эле учурда Covid-19 коронавирус инфекциясы пандемиясы мезгилинде (2020 жана 2021-жылдар) кан айлануу органдарынын ооруларынан өлүмдүн саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу 21,6%га көбөйгөндүгү байкалгандыгын белгилей кетүү маанилүү жана бул Covid-19дан улам оорлошууларга жана өлүмдүн жогорку тобокелдигине байланыштуу болгон.
ЖКОдон өлүм негизинен жүрөктүн коронардык оорусу, анын ичинде курч миокард инфаркты, артериалдык гипертензия, жүрөктүн ритминин катуу бузулушу жана өнөкөт жүрөк жетишсиздиги менен шартталат. Мындан тышкары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (мындан ары - ДСУ) регионалдык бюросунун маалыматтары боюнча Кыргызстан Батыш Европанын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) көп өлкөлөрүнөн бир кыйла алдыда болуп, жүрөктүн коронардык оорусунан өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү алдынкы он өлкөгө кирет. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун (мындан ары - ЭСБ) маалыматтары боюнча 2020-жылы Кыргыз Республикасында жүрөктүн коронардык оорусунан өлүм 100 миң адамга 209,6 түзгөн, 2018-жылга салыштырмалуу 24,7%га өсүштү көрсөтөт.
Бул кырдаалда курч миокард инфаркты (мындан ары - КМИ) менен бейтаптардын көбөйүшү өзгөчө кооптонууну жаратууда. Атап айтканда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна (мындан ары - УКТБ) 2023-жылы шашылыш тез медициналык жардам линиясы боюнча 3114төн ашуун адам, анын ичинде КМИ менен бейтаптар да жаткырылган.
Кыргызстанда жүрөк оорусунан каза болгон оорулуу адамдардын саны көп болгон жагдай көңүл бурууну талап кылат, бул эмгекке жарамдуу курактагы, социалдык активдүү жашоо образындагы, чыгармачылыкка жөндөмдүү, жогорку интеллектуалдуу, иштин ар түрдүү чөйрөсүндө (өндүрүш, айыл чарбасы, бизнес, илим, маданият жана башка) иштеген адамдар. 2005-жылга салыштырмалуу 30-49 жаштагы бейтаптардын кан айлануу системасынын ооруларынан өлүмү орточо 20%га көбөйгөн. Бул проблеманын кесепеттери аргасыз абалга алып келиши мүмкүн - курч миокард инфарктынан, ритмдин катуу бузулушунан жана артериалдык гипертензиядан улам мезгилсиз өлүмдүн кесепетинен үй-бүлөсү багуучудан ажырайт, бул өз кезегинде кирешени жоготуудан улам чоң экономикалык жүктү алып келет. Негизги багуучулардын жана квалификациялуу кызматкерлердин мезгилсиз өлүмү үй-бүлөнүн кирешесине эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн улуттук экономикасына да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Аталган ЖКО Кыргызстандын калкынын негизги өлүмүн эле аныктабастан, адамдардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн эрте жоготуунун жана майыптыкка алып келүүнүн себеби болуп да эсептелет. ЭСБнын маалыматтары боюнча Кыргызстанда чоңдор арасындагы биринчи майыптыктын себептеринин түзүмүндө ЖКО 20%ды түзөт, бул башка оорулар боюнча ушундай көрсөткүчтөрдөн бир кыйла жогору.
УКТБ кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүчү башкы медициналык мекеме болуп эсептелет, ага медициналык тез жардам линиясы боюнча Бишкек шаарынан жана өлкөнүн бардык аймактарынан он миңдеген өтө оор жана оор абалдагы оорулуулар кайрылат. Алардын ичинен өзгөчө республиканын региондорунда жана тоолуу райондорунда мезгилсиз өлүм тобокелдиги жогору КМИ, ритмдин катуу бузулушу жана жүрөк жетишсиздиги менен ооругандар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Алар заманбап лабораториялык, функционалдык, эндоваскулярдык технологияларды колдонуу менен, өзгөчө пандемия мезгилинде жана башка мүмкүн болгон чакырууларда шашылыш адистештирилген медициналык жардамга муктаж. Алардын өмүрү буга көз каранды, алар дарылануу менен коомдун эмгекке жарамдуу жана пайдалуу мүчөсү боло алат.
Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн муктаждыгына ылайык курч миокард инфаркты менен ооругандардын санына жараша жылына коронароангиографиянын 10000ден кем эмес процедурасы жана стенттөөнүн 5000ден кем эмес процедурасы жасалууга тийиш. Ошол эле учурда УКТБга эле жыл сайын жогорку технологиялык эндоваскулярдык кийлигишүүгө муктаж 3000ден ашык оорулуу келет. Азыркы учурда бюджеттик каражаттар менен жылына 30-40 гана бейтапты каржылоого мүмкүн (2021-жылдагы маалыматтар). Ал эми муктаждык бир нече эсе жогорулады.
Бул маселелерди чечпестен улуттук, региондук жана райондук ооруканалар өмүрүнө коркунуч туудурган оор абалдагы оорулууларга толук сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтө албайт жана тилекке каршы мындай оорулуулардын өлүмү көбөйөт.
Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаалды эске алып, он миңдеген оорулуунун өмүрүн сактоо максатында сунушталган Программа өзгөчө актуалдуулукка ээ, анын негизин туруктуу, бейтапка багытталган саламаттык сактоо модели түзөт, ал ЖКО жана ЖЭО менен бейтаптарды алдын алуу, эрте диагностикалоо жана натыйжалуу дарылоо жана реабилитациялоо принциптерине негизделген. Программа калктын өмүрүнүн узактыгын жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жекелештирилген жардам көрсөтүү принциптери боюнча ЖКО жана ЖЭО менен ооругандардын өмүрүн сактоо маселелерин системалуу чечүү аркылуу социалдык-экономикалык жоготууларды азайтууга багытталган. Сегменттик ыкманын жана жарым-жартылай көңүл буруунун мурдагы көп жылдык тажрыйбасы натыйжасыз болгондугун белгилей кетүү зарыл.
Дал ушул ыкмада сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жана өлкөдөгү миңдеген бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот.
Программа эпидемиологиялык маалыматтарды талдоого, саламаттык сактоо системасындагы актуалдуу чакырыктарга жана эл аралык тажрыйбага негизделген ырааттуу, илимий-негизделген жана инклюзивдик ыкманын алкагында иштелип чыккан.
Программа Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен УКТБ, ошондой эле алдынкы кардиологдордон, үй-бүлөлүк врачтардан, эпидемиологдордон, санариптик саламаттык сактоо жана менеджмент жаатындагы адистерден турган эксперттик топтор тарабынан иштелип чыккан. Процесске эл аралык уюмдардын (БУУ, Дүйнөлүк банк, Ага Хан фонду, JICA, ESC, ошондой эле анын модели негиз катары алынган В.А.Алмазов, Е.И.Чазов, А.Н.Бакулев атындагы улуттук медициналык изилдөө борборлорунун), академиялык коомчулуктун, кесиптик ассоциациялардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү тартылган.
Стратегиялык сессияларды жана эксперттик консультацияларды өткөрүү маанилүү этап болду, анын жүрүшүндө негизги артыкчылыктар, максаттар жана иш-аракеттердин багыттары аныкталган. Мурдагы мамлекеттик жана пилоттук программалардын (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча "Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө" программасы) натыйжалары эске алынган кайтарымдуу инвестициялар ыкмасын ишке киргизүү боюнча талдоо жүргүзүлгөн жана сунушталган чараларды ишке ашыруудан моделделген экономикалык натыйжалар эсептелген.
Региондук ажырымга, санариптик жеткиликтүүлүккө, жогорку технологиялык жардамдын тартыштыгына жана кадрдык дисбаланска өзгөчө көңүл бурулган. Дисциплиналар аралык ыкманын негизинде төрт негизги стратегия түзүлдү: алдын алуунун интеграцияланган модулу, эрте диагностикалоо, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, жогорку технологиялык кластерди түзүү. Бул стратегиялар жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча улуттук программанын негизин түзгөн.
Программа Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы көз карашын - жүрөк-кан тамыр жана башка жугуштуу эмес ооруларды алдын алууга, диагностикалоого жана контролдоого жөндөмдүү туруктуу, санариптик, бейтапка багытталган жана жогорку технологиялык системаны түзүүнү сунуштайт.
Келечекке болгон көз караш төмөнкү негизги принциптерге таянат:
- ЖКОго жана ЖЭОго интеграцияланган ыкма: алдын алууну, скринингди, баштапкы медициналык-санитардык жардамды (мындан ары - БМСЖ), адистештирилген жана жогорку технологиялык жардамды, ошондой эле социалдык колдоону саламаттык сактоонун бардык деңгээлдеринде бейтапты башкаруунун үзгүлтүксүздүгүн жана улануусун камсыз кылган бирдиктүү, санариптик маалыматтар менен башкарылган системага бириктирүү;
- санариптик трансформация: алдын алуудан жана эрте диагностикалоодон жогорку технологиялык дарылоого жана реабилитациялоого чейинки бейтаптын үзгүлтүксүз маршрутун камсыз кылган интеграцияланган санариптик экосистеманы куруу;
- адилеттүү жеткиликтүүлүк: жогорку сапаттагы медициналык жардамга жеткиликтүүлүктө географиялык жана социалдык теңсиздикти жоюу, айрыкча айылдарда жана тоолуу аймактарда;
- бейтапка багытталгандык жана камтуу: санариптик сервистер, билим берүү платформалары аркылуу чечим кабыл алуу процессинин активдүү катышуучусу катары бейтаптын ролун күчөтүү;
- илимий жана кадрдык трансформация: медициналык адистердин жаңы муунун даярдоо, эл аралык изилдөө жана билим берүү программаларына интеграциялоо, улуттук кардиология мектебинин жана алдын алуучу медицинанын потенциалын күчөтүү;
- экономикалык туруктуулук: саламаттык сактоонун чыгымдык моделинен оорулардын жүгүн азайтуу менен ден соолукка инвестиция моделине өтүү, калктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жашоо сапатын жакшыртуу;
- инновациялар жана өнөктөштүк: улуттук жана эл аралык өнөктөштүктөр аркылуу инновациялардын экосистемасын түзүү, алдынкы медициналык технологияларды ишке киргизүү.
2030-жылга карата Кыргызстан жашаган жерине жана кирешесинин деңгээлине карабастан ар бир адам сапаттуу медициналык жардамды алууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар дарыланган бойдон калбастан, алдын алынган жана ден соолук коом менен экономиканы өнүктүрүүнүн башкы ресурсу катары кабыл алынган өлкө болууга тийиш.
Жетектөөчү принциптер:
- системалык чечимдер - саясаттан практикага чейин саламаттык сактоонун бардык деңгээлдерин камтыган туруктуу, масштабдуу жана кайталануучу моделдерди түзүү. Узак мөөнөттүү натыйжаны камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды, клиникалык колдонмолорду жана мониторинг жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу анын негизи болуп саналат;
- бейтапка багытталгандык - бардык иш-аракеттердин борборунда бейтап турат. Бейтап чечим кабыл алуу процессинин активдүү катышуучусу болгон сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө жеткиликтүүлүктү, сапатты жана жеке мамилени камсыз кылуу анын негизи болуп саналат;
- эл аралык долбоорлорго жана демилгелерге интеграциялоо - эл аралык тажрыйбаны, мыкты практиканы жана стандарттарды колдонуу Программанын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Эл аралык демилгелерге катышуу өнөктөштүктү бекемдейт, билим алмашууга өбөлгө түзөт жана ресурстарга, инновацияларга мүмкүнчүлүктөрдү ачат;
- мультидисциплинардык ыкма - ар түрдүү багыттагы адистердин - кардиологдордун, кардиохирургдардын, рентгенэндоваскулярдык врачтардын, үй-бүлөлүк врачтардын, медайымдардын, эпидемиологдордун, фармакологдордун жана башкалардын командалык ишин талап кылган натыйжалуу саламаттык сактоо системасы. Мындай өз ара аракеттенүү бейтапты комплекстүү кароону камсыз кылат жана кийлигишүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат;
- мультисектордук - бул башка секторлордун - билим берүү, экономика, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, ЭСБ, жалпыга маалымдоо каражаттары, кесиптик жана жарандык коомчулуктун ж.б. катышуусу болбостон проблемаларды чечүүгө мүмкүн эмес. Күч-аракеттерди координациялоо ден соолуктун социалдык детерминанттарына таасир этүүгө жана туруктуу өзгөрүүлөргө жетүүгө мүмкүндүк берет;
- санариптик технологияларды колдонуу - башкаруунун, диагностиканын жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн электрондук медициналык системаларды, телемедицинаны, мобилдик колдонмолорду жана аналитикалык платформаларды ишке киргизүү. Санариптик чечимдер ачык-айкындуулукту, маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жана чечимдерди ыкчам кабыл алууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет;
- кайтарымдуу инвестициялар - алдын алууга, калктын ден соолугун чыңдоого салымдар узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык пайда алып келүүгө тийиш. Оорулардын жүгүн азайтуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу туруктуу өнүгүүгө жана миллиарддаган дарылоо чыгымдарын жана кошумча социалдык чыгымдарды азайтууга шарт түзөт (2-сүрөт).
2-сүрөт. Уюштуруунун жана чечимдердин потенциалдуу модели
Программанын долбоору улуттук деңгээлде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик талкуудан өткөн, өлкөнүн саламаттык сактоо системасын туруктуу трансформациялоонун маанилүү бөлүгү катары мамлекеттик, илимий жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосуна ээ болгон.