Редакцияот 17.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XIII cессиясы

 

2025-жылдын 17-ноябры № 13/9

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын    18-февралы,    № 85-тескемесинин негизинде Жерге-Тал айылындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан темир жол курулушунун нугуна дал келип калган турак жай участоктору  үчүн башка теңдеш №3470 контурундагы 3,36га  жер аянтынын багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын    Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

              

1.    Жерге-Тал айылындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан темир жол курулушунун нугуна дал келип калган турак жай участокторуна башка теңдеш жерден жер аянттарын берүү үчүн Жерге-Тал айылынын №3470-контурундагы 3,36га жер аянтын калктуу конуштардын жери категориясына өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.    Трансформация болгондон кийин Ала-Буга айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

3.    Токтомду аткарууга алуу Ала-Буга айыл аймагынын башчысы  

 А. Сулаймановго милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

  Тѳрага:

Бактыбай уулу Кубанычбек