Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XIV cессиясы
2025-жылдын 25-ноябры № 14/1
Ала-Буга айыл аймагынын Кош-Дѳбѳ айылындагы Амангелди Шеримбеков атындагы клубун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка даярдалган долбоорго өздүк салым үчүн акча каражатын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Буга айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинен Кош-Дѳбѳ айылындагы А.Шеримбеков атындагы клубун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорго өздүк салым катары 1065000(бир миллион алтымыш беш миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу СЭƟП бѳлүм башчысы А.Медетовага жүктѳлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |