Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-июлу № 8-3 Атамерек айылы
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Токтомат Зулпуевдин 100 жылдык мааракесине карата Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында ошондой эле айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн бөлүнгөн 28 267 364 (жыйырма сегиз миллион эки жүз алтымыш жети миң үч жүз алтымыш төрт) сом акча каражаты бекитилсин.
2. Бул акча каражаты төмөнкүдөй багыттарга жумшалсын:
Үч-Бай, Калдай, Кашкалдак, Айбек, Караке айылдарындагы мектепке чейинки жолдорду асфальттоого.
Айыл өкмөтүнүн чатырын жаңылоого жана имараттын ичин, сыртын оңдоп түзөөгө.
УКМКнын имаратынан Б. Атишов атындагы орто мектепке чейинки аралыка Т. Зулпуев атындагы эс алуу багын уюштурууга.
Маданият үйүнүн кошумча кааналарын оңдөп түзөө жана сырткы фасадын жаңылоо.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин экономика маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын..
Төрага |
М.Бакиров |