Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 8-июлу № 8-4 Атамерек айылы
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын беш айлык жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2026-2027-2028-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын беш айлык жергиликтүү бюджетин аткарылышы, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана 2026-2027-2028 жылдарга бюджетин долбоорун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-бренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктун жетекчиликке алып, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын беш айлык бюджетинин кирешелери план 13539,8 мин сом болсо, аткарылганы 16394,9 мин сом же болбосо 2855,1 мин сомго киреше ашыкча тушкөн, башкача айтканда 121,1% га аткарылгандыгы жана 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү менен киреше планына 39487,4 мин сомго күтүлүүсү белгиленсин (тиркеме тиркелет ).
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кошумча трансферттер кошулбаганда, 2026-жылга 39084,7 мин сом, 2027-жылга 39134,7 мин сом, 2028-жылга 39184,7 мин сомго, негизги көрсөткүчтөрүнүн долбоору жактырылсын жана аларды конкреттүү ошол жылдары бюджетке тактоо жана толуктоолорду жүргүзүү менен белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
М.Бакиров |