Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-августу № 9-1 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы" ААКсынан кызматтык автоунаа алуу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында, айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан «Шевролет-треккер» кызматтык автоунаасын лизинг аркылуу алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 238 тескемесин аткарууга алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20 октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5 пунктчасына ылайык Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө «Мамлекеттик лизинг компаниясы» тарабынан лизинг аркылуу кызматтык автоунаа «Шевролет-треккер» алууга макулдук берилсин.
2.Кызматтук автоунаа алууга тиешелүү иш кагаздарын, "Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүүнү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Д.А. Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Аблакимовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Т. Зулпуев айыл аймагыны айылдык кеңеши” мекемесинин экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Бакиров |