Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-августу № 9-3 Атамерек айылы
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2025-жылдын 2-3-4-кварталына кошумча тамак аш сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында ошондой эле айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2025-жылдын бюджетинин атайын каражаттар эсебине каралган кирешенин эсебинен жана жыл башында калган калдык сумма 239,2 (эки жүз отуз тогуз миң эки жүз) миң сом, балдар бакчаларына тамак аш сатып алуу үчүн 4548,1 (төрт миллион беш жүз кырк сегиз миң бир жүз)сом акча каражаты (ата – энелер взносунан) кошумча бекитилип берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
М.Бакиров |