Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-августу № 9-4 Атамерек айылы
Жатан айылынын тургуну Сыдыков Курсанбектин арызын кароо боюнча
Т. Зулпуев айылдык кеңешине келген чыгыш № 01-19/1271 сандуу катынын негизинде Жатан айылынын тургуну Сыдыков Курсанбектин Калдай орто мектебинин эски имаратын мектеп алдындагы жатак спорт багытындагы интернат кылып ачып колдонуу боюнча келген арызын карап Т. Зулпуев айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай айылындагы “Калдай” орто мектебинин эски имараты мектеп алдындагы жатак спорт багытындагы интернат болуп колдонууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду аткарууга жана жетекчилике алууну Т.Зулпуев атындагы айыл
өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдыккеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага |
М.Бакиров |