Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №1-5/45
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын
өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 22.09. 2025ж.№270 Жарлыгын аткаруу жана “Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61, 62-беренесине, 2023-жылдын 24-июлу №146 “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколу менен бекитилген Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны 1-ноябрь 2025 ж. саат-10-00дө шаардык мэриянын чоӊ жыйындар залында өткөрүлсүн;
2. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны 100 болуп бекитилсин;
3. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан катышуучу өкүлдөрдүн саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындардын графиги, жыйындарды уюштуруу жана өткөрүүгө жооптуулардын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин;
6. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Төрага | Б.А. Абдуназаров |
|
|
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.А. Абдуназаров
Шаардык кеӊештин VIII сессиясынын 13.10. 2025-ж. 01-5/45 токтомуна
Тиркеме №1
Шаардык коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынан Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн саны:
К№ | Коомдук өзүн өзү башкаруу аймагынын аталышы | Делегаттардын саны |
Кош-булак аймактык башкармалыгы
| ||
Ш.Жураев | 3 | |
С.Садыков | 3 | |
Р.Жолбаев | 3 | |
А.Аширалиев | 3 | |
Д.Жороев | 4 | |
Кенжебаев | 6 | |
С.Султанов | 3 | |
Т.Рустамов | 5 | |
Т.Марипов | 5 | |
Деканова | 3 | |
Дзержинский | 4 | |
Токтогул | 5 | |
| Бардыгы | 47 |
Шаар боюнча | ||
Эльмуратов | 3 | |
Бакыбек | 3 | |
Макаевка | 6 | |
Т.Ибрагимов | 4 | |
Амраев | 3 | |
Н. Отбасаров | 4 | |
Шахтер | 4 | |
Советская | 5 | |
Кызыл -Бел | 6 | |
Бөкөнбаев | 3 | |
Кольцо | 3 | |
Кенчи | 3 | |
П.Кулматов | 6 | |
| Бардыгы | 53 |
| Жалпы: | 100 |
Жооптуу катчы: М.К. Джураева
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.А. Абдуназаров
Шаардык кеӊештин VIII сессиясынын 13.10. 2025-ж. 01-5/45 токтомуна
Тиркеме №2
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. Б. А. Абдуназаров - шаардык кеӊештин төрагасы, комиссиянын төрагасы;
2. Б.Т. Төрөкулов . -шаардык кеӊештин депутаты , комиссиянын төрагасынын орун басары;
3. Джураева М.К. – шаардык кеӊештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
МҮЧӨЛӨРҮ:
4. Балтабаев Д.Д. – шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
5. Акимов У.А. - шаардык кеӊештин депутаты;
6. Эрназарова Г.Ж.. - шаардык мэриянын башкы адиси;
7. Эралиев И.С. – шаардык ардагерлер кеӊешинин төрагасы;
8. Абдираимов Б. - коомдук жарандардан ;
Жооптуу катчы: М.К. Джураева
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.А. Абдуназаров
Шаардык кеӊештин VIII сессиясынын 13.10. 2025-ж. 01-5/45 токтомуна
Тиркеме №3
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын эли менен өткөрүлүүчү жыйындын графиги жана жыйынды өткөрүүгө жооптуулардын тизмеси.