Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №1-5/48
“Сүлүктү Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамынын 27, 34-беренесинин, 25.03. 1999ж. №33 Ичүүчү суу жөнүндө Мыйзамынын 5,6 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовдун “Сүлүктү - Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылуусунун абалы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын;
2. Сүлүктү шаарынын мэри Б.Ш. Абдыжапаровго жана “Сүлүктү - Тазасууканал” МИ жетекчиси О. Матазимовго милдеттендирилсин
- Калкты ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну калыбына келтирүү жана ичүүчү суунун зарыл болгон сапатын камсыз кылуу боюнча жумуштарды пландаштыруу, ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун камсыз кыуу;
- Суу менен жабдуу булактарында санитардык коргоо зоналарын уюштуруу жана аны сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарын жана суу түтүктөрүн, санитардык коргоо зоналарынын тартибин бузуу учурларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
- Ичүүчү суунун сапаты, аны чыгымдоонун ченемдери жана үнөмдөөнүн ыкмалары, акы төлөөнүн тартиби жөнүндө калкты зарыл болгон маалымат менен камсыз кылуу;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин “Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А. Абдуназаров |