Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-октябры №1-5/50
Шаардын аймагында жүрүп жаткан ири курулуш иштерине карата техникалык көзөмөл кызматынын акысын төлөөгө акча каражатын которуу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 16.09.2025ж. №01-7/2749 сандагы шаардын аймагында жүрүп жаткан ири курулуш иштерине карата техникалык көзөмөл кызматынын акысын төлө үчүн үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2215 беренесине акча каражатын которуу жөнүндөгү каты боюнча Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулапКыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34 беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын аймагында жүрүп жаткан ири курулуш иштерине карата техникалык көзөмөл кызматынын акысын төлөөгө акча каражатын төлөө үчүн үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 2215 беренесине которууга макулдук берилсин:
- Баткен облусун өнүктүрүү алкагында республикалык бюжеттин эсебинен каржыланып, курулушу жүрүп жаткан “Тоо бүркүтү” эс алуу комплексинин курулушунун техникалык кызматынын акысын төлөө үчүн - 2 619 225 (эки миллион алты жүз он тогуз миӊ эки жүз жыйырма беш) сом;
- Сүлүктү 11-талаа көмүр кенин иштетүүнүн алкагыда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен Кытай Эл Республикасынын ишкер субъекттери ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында каржыланып жаткан, шаардын Кирпичный завод көчөсүнджайгашкан И.Бектемиров атындагы №8 орто мектебинин курулуш иштеринин техникалык көзөмөл кызматынын акысын төлөө үчүн - 3 200 000 (үч миллион эки жүз миӊ) сом.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б.А. Абдуназаров |