Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XVI сессиясы ( VIII чакырылыш)
2025–жылдын 29–октябры 16/65
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-октябрындагы №21 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Кызыл-Кыя Тазалык”, “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканаларынын техникалык паркын жаңылоо үчүн Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 31 953 450 сом, жылдык (он бир) пайыз менен, 5 жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааларды алууга макулдук берилсин:
- “Комбинированные дорожные машины HOWO 4*2 ZZ5192KDM1212Y (модели: ZZ5192KDM1212Y – 74 500$; Отвал для очистки снега GC3050 – 2250$; бочка для воды для КДМ модели ZZ5192KDM1212Y – 5250$)” – жалпы баасы 82 000 (сексен эки миң) АКШ доллары;
- “Фронтальный погрузчик XGMA XG955N” – баасы 50 000 (элүү миң) миң АКШ доллары;
- “Поливная машина FAW CA 5123 GQX08” - баасы 24 000 (жыйырма тѳрт миң) АКШ доллары;
-“Эксковатор Hyundai R60W - 9S” – баасы 93 500 (токсон үч миң беш жүз) АКШ доллары;
- “JAC T8” 3 бирдик – баасы 19 567*3 (элүү сегиз миң жети жүз бир) АКШ доллары;
- “Эвакуатор HOWO ZZ5132DQZQ5654Y” – 48 500 (кырк сегиз миң беш жүз АКШ доллары).
2. Лизингдин жалпы баасынан 62,6 пайыз өлчөмүндө, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын өздүк салымы 20 000 000 сом кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Бектуровго ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Аматов
|