Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XVI сессиясы ( VIII чакырылыш)
2025–жылдын 29–октябры 16/67
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Ж.Аматовдун арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-октябрындагы №17 протоколун жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Ж.Аматов 2025-жылдын 30-ноябрында КР Жогорку Кенешине боло турган шайлоого талапкер катары катыша турганын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Ж.Аматовдун шаардык кенештин төрагасы кызматынан кетүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп төраганын коомдук башталыштагы орун басары Махмедов Акимжан Касымовичти бекитүүгө макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Аматов
|