Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин VII-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры  № 3 

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын Ноокат шаардык кеңшинин №3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Респбликасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Ноокат шаардык кеңеши токтом кылат:

1.Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы кызмат орунда 21 депутаттын ичинен катышкан 21 депутаттан 12 добуш алган талапкер Эгембердиев Максатбек Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын деген эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин..

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

М.Эгембердиев