Загрузка документа…
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-октябры № 01-07/63
Молдо Нияз айыл аймагынын ичуучу таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Совет айылынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколуна, Совет айылында түзүлгөн суу комитетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы отурумунун жыйынтыгына жана«Молдо Нияз» муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык, маселени угуп жана талкуулагандан кийинМолдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1-тиркеме)
2. Совет айылындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери №2-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (№2-тиркеме)
3. Совет айылынын ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги элдик салымы Молдо-Нияз айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү, кошуу тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3-тиркеме тиркелет).
4. “Молдо-Нияз” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган Абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичуучу таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичуучу таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин. (№ 4 Абоненттик китепче тиркелет)
5. “Молдо-Нияз” Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары тиркеме ылайык бекитилсин. (№5-тиркеме)
6. Молдо-Нияз айыл аймагындагы Таза-Суу ишканасынын абоненттери ичуучу таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар бектилсин. (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет)
7. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо-Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго жана “Молдо-Нияз” МИнын жетекчиси А. А. Кайыркуловго жүктөлсүн.
8. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kgсайтына жарыялансын.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | И.К.Салиев |
|
|
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме №1
“Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
|
| ||||||
|
|
|
|
|
| |||
№ | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
|
| |||
1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 600 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт |
|
| |||
а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар |
|
| ||||||
б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу |
|
| ||||||
2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 500 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат |
|
| |||
3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, ситуациялык чийме, кеңсе чыгымдары) | 550 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат |
|
| |||
4 | Капиталдык салым | 200 | Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат |
|
| |||
5 | Баардыгы | 1850 |
|
|
| |||
|
Эскертуу: Урматтуу Совет айылынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
|
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
| |
№ | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу |
|
| |
1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 120 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт |
|
| |
2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте) | метр | 1 | 31 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык |
|
| |
|
| |||||||
|
| |||||||
3 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө | метр | 1 | 50 | Жумушчу топ тарабынан аткарылат |
|
| |
4 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн үстүнө 20 см төшөө | метр | 1 | 100 |
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жооптуу катчы: Д. Мамарасул кызы