Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 28-августу № 42
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы калктуу конуштун астындагы жерлерде өздөрүнүн мамлекттик актындагы жер аянтынан ашыкча, бирок жер салыктарын убагында төлөп турган жарандардын жер аянттарыны өздөрүнүн балдарына мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы калктуу конуштун астындагы жерлерде өздөрүнүн мамлекттик актындагы жер аянтынан ашыкча, бирок жер салыктарын убагында төлөп турган жарандардын жер аянттарыны өздөрүнүн балдарына мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү үчүн Кадамжай райондук архитектура башкармалыгына жана айыл өкмөтүнө кайрылуу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |