Редакцияот 28.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2025-жылдын 28-августу № 43

 А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Б.Холматовдун кайрылуусун кароо  жөнүндө

                                         

А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана  айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө  айылынын тургуну Холматов Бактиёрдын 8-02-09-1001-1690 идентификациялык номери менен катталган  жер аянтына турак үй салып жашап жаткандыгын эске алып А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө  айылынын тургуну Холматов Бактиёрдын 8-02-09-1001-1690 идентификациялык номери менен катталган жер аянтынын багытын калктуу конуш деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү үчүн Кадамжай райондук архитектура башкармалыгына жана айыл өкмөтүнө кайрылуу жагы сунушталсын.

                                                                                                                                                      3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Т.Галботоев