Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 28-августу № 45
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Д.Низомадинованын кайрылуусун кароо жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Низомадинова Дилором Хабибовнанын 750,0 ч.м жер аянтын 1982-жылдан бери пайдаланып турак үй салып жашап жаткандыгын эске алып А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын тургуну Низомадинова Дилором Хабибовнанын 750,0 ч.м жер аянтын 1982-жылдан бери пайдаланып келе жаткан жер аянтынын багытын калктуу конуш деп өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү үчүн Кадамжай райондук архитектура башкармалыгына жана айыл өкмөтүнө кайрылуу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |