Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 13-октябры № 52
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына короо –сарай курууга ажыратылган №19 контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт түрүнөн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы “Алдаберди” фермердик чарбасына короо –сарай курууга ажыратылган №19 контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт түрүнөн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Короо-сарай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Токтом кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |