Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 - жылдын 07-ноябры № 17/68
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы №16/65 “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 07-ноябрындагы №23 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы №16/65 “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “31 953 450 сом” деген сүйлөм “40 368 450” сом деп өзгөртүлүп жазылсын.
2. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы №16/65 “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5-подпунктундагы “Эксковатор Hyundai R60W - 9S” – баасы 93 500 (токсон үч миң беш жүз) АКШ доллары” деген сүйлөмдүн ордуна “Эксковатор Hyundai R60W - 9S” 2 бирдик – баасы 187 000 (бир жүз сексен жети мин) АКШ доллары” деп өзгөртүлүп жазылсын.
3. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 29-октябрындагы №16/65 “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө токтомунун 2-пунктундагы “62,6 пайыз өлчөмүндө” деген сүйлөм “49,54 пайыз өлчөмүндө” деп өзгөртүлүп жазылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Махмедов |