Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-декабры № 64/ XVI
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда
токтотуу жөнүндө
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24 январындагы №20/ IV токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун негизинде, регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 27 октябрындагы №8 протоколун карап жана талкуулап,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Султанбекова Саламат Султанбековнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына өтүнүч берилсин.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Б.Сманов |