Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-декабры № 65/ XVI
Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда
бошотуу жөнүндө
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24 январындагы №20/ IV токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы Т.А.Минбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы Минбаев Тилек Акжоловичтин өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошонуусу кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Б.Сманов |