Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-декабры № 67/ XVI
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын
шайлоо жөнүндө
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24 январындагы №20/ IV токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык, К.Б.Смановдун Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгына байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ачык добуш берүү менен Касымов Аскар Тумурчинович- Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
2.Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Б.Сманов |