Редакцияот 17.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын I-чакырылыштагы кеңешинин кезексиз сессиясы

2025-жылдын 17-январы № 24

Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин

2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

 

Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №6 токтому менен бекитилген Миң-Булак айыл аймагынын иштөө РЕгламентине ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин төрайымы А.К.Асадованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2025-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кеңештин депутаттары Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин 2025-жылга иш планын аткарууга алышсын.

3. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин төрайымынын орун басары П.И.Лугмага жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

Асадова А.К.