Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXI чакырылышынын XXIV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын декабрь айынын 11№31/24-1
Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы “Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү боюнча мораторий коюу жөнүндө” №30/19-2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2025-жылдын 9-декабрындагы №01-8/3226 кайрылуусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, токтом кылат:
1.Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы “Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү боюнча мораторий коюу жөнүндө” №30/19-2 токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.М. Молдобеков