Загрузка документа…
АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезектүү XII cессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 12
Ала-Буга айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайына делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын ѳткѳрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитеттин түзүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылайык,депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жана жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитеттин түзүү жөнүндө” №270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ала-Буга айыл аймагынын калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 7707 адам болгондуктан коомдоштуктардын жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 50 деп белгиленсин.
3. Коомдоштуктардын жыйындын катышуучулары Ала-Буга айыл аймагындагы Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок айылдарынын санына жана иш алып барган мекемелерге жараша пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын. ( Тиркеме 1 баракта)
4. Ала-Буга айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 17-октябрдан 24-октябрга чейин №2 тиркемеге ылайык белгиленсин. ( Тиркеме 1 баракта)
5. Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттардын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.( Тиркеме 1 баракта)
6. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучуларынын шайлоону уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4 тиркемеге ылайык түзүлсүн. ( Тиркеме 1 баракта)
7. Элдик курултайдын катчылыгы бекиткен Календарлык планга ылайык, Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү А.Шеримбеков атындагы маданият үйүнѳ 2025-жылдын 1-ноябрына чакыртылсын.
8. Ушул токтомду сайтка жарыялоо Ала-Буга айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Тѳрага: | Бактыбай уулу Кубанычбек |
Ала-Буга айылдык кенешинин кезексиз XII-сессиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы №12 токтомуна №1 тиркеме
Ала-Буга айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын делегаттарынын саны жана квотасы тѳмѳндѳгүдѳй болуп бѳлүнсүн
№ | Делегат шайлана турган округдардын аталышы | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | Кош-Дөбө айылы | 3849 | 25 |
2 | Жерге-Тал айылы | 510 | 4 |
3 | Чолок-Кайың айылы | 2076 | 13 |
4 | Коңорчок айылы | 1272 | 8 |
| Жалпы | 7707 | 50
|
Жооптуу катчы: Р.Абдыразаков
Ала-Буга айылдык кенешинин кезексиз XII-сессиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы №12 токтомуна №2 тиркеме
2025-жылдын 17-24-октябрында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү боюнча коомдоштуктун жыйынын өткөрүү графиги
№ | Айылдардын жана округдардын аталышы | Чогулуштар өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Кош-Дөбө айылы | А.Шеримбеков атындагы айылдык клубдун имараты | 20-октябрь саат12-00 | Г.Самибаева, Н.Усеинбекова, У.Сатындиев, Н.Карасартов, Куштарбек уулу К |
2 | Кош-Дөбө айылы | Э.Мейманов атындагы орто мектеби | 20-октябрь Саат12-00 | С.Бейшеев, Байсогур кызы Н, Г.Касымова, К.Жолдошов |
3 | Жерге-Тал айылы | И.Молдобаев атындагы орто мектеби | 23-октябрь саат11-00 | К.Итикулов |
4 | Чолок-Кайың айылы | Б.Календеров атындагы мектеби | 21-октябрь саат10-00 | Г.Кенеева, А.Тѳрѳкожоева |
5 | Чолок-Кайың айылы | О.Тоокеев, К.Дубанаев, А.Матаев, Р.Эрмекова көчөлөрүндө | 21-октябрь саат10-00 | Ж.Маамытов, Тѳлѳбалды уулу К |
6 | Коңорчок айылы | Н.Баеватындагы айылдык клубдун имараты | 22-октябрь саат10-00 | А.Курманбаев,М.Таалайбеков, А.Кожоев |
Жооптуу катчы: Р.Абдыразаков
Ала-Буга айылдык кенешинин кезексиз XII-сессиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы №12 токтомуна №3 тиркеме
Ала-Буга айыл аймагынын коомдоштуктун жыйындарын ѳткѳрүүгѳ жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттарынын тизмеси.
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу топтогу ролу |
1 | Бактыбай уулу Кубанычбек | айылдык кеңештин төрагасы | Кош-Дѳбѳ айылы |
2 | Таалайбеков Молдоакмат | айылдык кеңештин депутаты | Коңорчок айылы |
3 | Сатындиев Улан | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
4 | Самибаева Гүлбарчын | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
5 | Курманбаев Акылбек | айылдык кеңештин депутаты | Коңорчок айылы |
6 | Мамытов Жаңыбай | айылдык кеңештин депутаты | Чолок-Кайың айылы |
7 | Төрөкожоева Анаркүл | айылдык кеңештин депутаты | Чолок-Кайың айылы |
8 | Карасартов Нурбек | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
9 | Байсогур кызы Нарынкүл | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
10 | Бейшеев Самат | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
11 | Жолдошов Кутман | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
12 | Итикулов Канатбек | айылдык кеңештин депутаты | Чолок-Кайың айылы |
13 | Касымова Гулзина | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
14 | Кенеева Гулнара | айылдык кеңештин депутаты | Чолок-Кайың айылы |
15 | Кожоев Айбек | айылдык кеңештин депутаты | Коңорчок айылы |
16 | Куштарбек уулу Кадырбек | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |
17 | Тѳлѳпалды уулу Камчыбек | айылдык кеңештин депутаты | Чолок-Кайың айылы |
18 | Усеинбекова Назира | айылдык кеңештин депутаты | Кош-Дѳбѳ айылы |